2023-жылдын 29-ноябрында Бишкек шаарында бош иш орундар жана кесиптер жарманкеси өтүп, анда 6000ден ашуун бош иш орундар коюлду

просмотров 67

Бош иш орундар жана кесиптер жарманкеси - ийгиликтүү жумушка орношуунун ачкычы

Бишкекте 3000ден ашуун адам катышкан "Бош иш орундар жана кесиптер жарманкеси 2023" болуп өттү.

2023-жылдын 29-ноябрында Бишкек шаарында бош иш орундар жана кесиптер жарманкеси өтүп, анда 6000ден ашуун бош иш орундар коюлду. Бул иш-чарага Бишкек шаары боюнча ар кайсы тармактарынан 80ден ашуун алдыңкы компанияларды бириктирет жана жарандарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү аянтчасы болуп саналат. Мында потенциалдуу иш берүүчүлөр жана жумуш издөөчүлөр, ошондой эле бизнес жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү жолугушушту.

Бош иш орундар жана кесиптер жарманкесинде иш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен экспресс интервьюларды өткөрүштү. Мектеп окуучулары ишканаларды изилдеп, кесипке багыт берүү сынагынан өтүп, келечекте кесибин жана окуу багытын тандаганга чоң түрткү болду.

Жарандарга жумушка орношууга көмөк көрсөтүү, кесипке үйрөтүү жана иш берүүчү менен алгачкы маектешүү боюнча кеңештер берилди. Мындан тышкары, ийгиликтүү ишкерлер, тажрыйбалуу адистер жана спикерлер жумуш издөөчүлөрдүн квалификациясын жогорулатуу максатында мастер-класстарды өткөрүштү.

Иш-чаранын негизги уюштуруучулары – Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы жана JIA бизнес ассоциациясы.

Жарманке Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы, Германия өкмөтүнүн тапшырмасы менен, Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү» кыргыз-герман долбоорунун колдоосу менен чогуу уюштурулуп өттү.


Вернуться к новостям