Эл аралык "Ала-Тоо" университетинде Карьера күнү болуп өттү

просмотров 185

Бүгүн, 4-апрелде Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы Эл аралык «Ала-Tоо» университети уюштурган Карьера күнүнө, Бишкек шаары боюнча бош жумуш орундары менен катышып, 274 мекеме-ишканалардан 3000ден ашуун жумуш орундар коюлду.

Студенттер жана бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик органдар жана ийри компаниялар өздөрүнүн бош жумуш орундарын сунушташты. Мисалга алсак: Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, JIA Бизнес ассоциациясы, ЖЧК “Кадам глобал”, ЖАК “Банк Компаньон”, OloloMedia, Жогорку технологиялар паркы, ЗАО “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” ж.б.

Ошондой эле студенттерге жана бүтүрүүчүлөргө жумушка орношууга көмөктөшүү кызматы тарабынан бекер окутуу жана иш берүүчүлөр менен алгачкы маектешүү, бош жумуш орундары боюнча консультациялар өткөрүлдү.

Ал эми №13 мектебинин 9-классынын окуучуларына Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы кесипке багыт берүү алкагында Эл аралык «Ала-Тоо» университетине экскурсия уюштуруп, окуу жайдын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, факультеттер жана кесиптер тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле мектеп окуучуларына окуу кабинеттери жана лабораториялары боюнча тааныштыруу иштери жүргүзүлүп, окуучулар «Келечекте өз жолун тап» тренингине катышышты.


Вернуться к новостям