Бишкек шаарында бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси өтөт

просмотров 341

18-октябрда саат 10:00-14:00 чейин Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жумуш издеген ар бир адам үчүн, ошондой эле жогорку окуу жайлардын, колледждердин, кесиптик лицейлердин студенттери жана бүтүрүүчүлөрү үчүн жумуш жана кесиптер жарманкеси өтөт.

Жарманкеге 70тен ашуун ишкана-мекемелердин өкүлдөрү бош жумуш орундары менен жана өнөр жай, курулуш, тейлөө, туризм жана консалтинг тармагындагы 4000 ашуун бош жумуш орундар көрсөтүлөт. Иш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен экспресс интервьюларды өткөрүшөт.

Ал эми жарандар ишке орношууга көмөктөшүү, кесипке үйрөтүү, кесипке багыт берүү жана иш берүүчү менен алгачкы маектешүү боюнча кеңеш ала алышат. Мындан тышкары, белгилүү, ийгиликтүү ишкерлер, ишкана негиздөөчүлөрү, тажрыйбалуу HR адистери жана мотивациялуу ийгилик тарыхы бар спикерлер абитуриенттердин квалификациясын жогорулатуу максатында ар кандай темада мастер-класстарды өткөрүшөт.

Ошондой эле жарманке жогорку класстын окуучулары ишканаларды изилдеп, кесипке багыт берүү сынагынан өтүп, келечекте кесибин жана окуу багытын тандап алуу үчүн пайдалуу болот.

Иш-чаранын негизги уюштуруучулары – КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы, JIA бизнес ассоциациясы.

Кошумча уюштуруучулар -  КР Билим берүү жана илим министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы, Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) "Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү" долбоорунун колдоосу менен уюштурулуп жатат.


Вернуться к новостям