Батыш Салиеванын 100 жылдыгына арналган иш-чара

просмотров 270

Бүгүн, 27-июнда Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Батыш Салиеванын 100 жылыдыгына карата иш-чара өткөрдү.

Иш-чарада кызматкерлерге Батыш Салиеванын ишмердүүлүгү боюнча толук маалымат көрсөтүлдү.

Батыш Салиева - жыйырма беш жыл социалдык камсыздоо министри, жети жыл Республикалык профессионалдык союздар советинин председатели жана СССР Жогорку Советинин эки жолку депутаты болгон.

Батыш Салиевнанын эмгек ишмердүүлүгүндө республиканын калкын социалдык жактан камсыздоо ишин калыптандырууга жана өнүктүрүгөө зор салымын кошкон. Республикада жалпысынан үч миң орундук жети карылар үйү курулган, Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана катышуучулары үчүн интернат курулуп, ишке киргизилген. Андан тышкары 500 орундуу көмөкчү чарбасы, бак-шактуу 10 гектар жери бар төмөнкү Серафимовка айылындагы интернат, Талас облусунун, Токмок шаарынын карылар үйлөрү үлгүлүү жана кооз жайларга айланган, Жайыл районундагы аялдар, Беловодскидеги балдар үйү курулуп, ишке киргизилген.

Өзүнө тагылган зор милдеттерди эң ыйык тутуу менен Б.Салиева эл үчүн деп жүрөгү согуп, адамдарга жакындан жардам көрсөтүүнү максат кылып, алардын келечегин социалдык жактан камсыз кылууга талыкпай эмгектенген.

 


Вернуться к новостям