Эмгек министри Гүлнара Баатырова мектеп окуучуларына кыялын айтып берди

просмотров 17

Бүгүн, 2-ноябрда, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова тогузунчу класстын окуучулары менен кесипке багыт берүүнүн жана өз кесибин аң-сезимдүү тандоонун маанилүүлүгүн талкуулады.

Жолугушуу Бишкектеги кесиптик багыт берүү борборунда өттү. Министрдин айтымында, ал бала кезинен эле дарыгер болууну кыялданып, өз максатына өжөрлөнүп келген.

«Бала кезимде ак халат кийип, күзгүдөн өзүмдү карачумун. Максатыңызга аң-сезимдүү жана максаттуу кадам таштасаңыз, ойлор ишке ашат. Чоңойдум, окудум, дарыгер болдум.

Бүгүнкү күндө мектеп окуучуларына Эмгек министрлиги тарабынан Герман эл аралык кызматташтык коомунун " Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана кесиптик окутуу"долбоорунун колдоосу аркылуу Бишкек, Каракол, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош, Баткен шаарларында , ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районунда ачылган кесиптик багыт берүү борборлору кесип тандоого жардам берүүдө. Бул борборлордо адистер кесип тандоодо туура чечим кабыл алууга жардам беришет", - деди Гунара Баатырова.

Министр бүгүнкү жолугушууда кесиптик багыттын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Окуучулар министрге суроо-талапка ээ болгон кесиптер , финансылык сабаттуулук, кызыктуу китептери, соцтармактарга кызыгуусу боюнча суроолорду бере алышты.

"Мугалимдериңерди, алардын эмгектерин баалагыла, алар силерге бүгүнкү күндө келечектеги жашооңордун алгачкы кирпичтерин салууга жардам берип жатышат", - деп баса белгилеп, бардык балдарга келечекте өзүнө жаккан кесип жана жумуш табууну каалады.

____________________________________________________________________________________________________

Сегодня, 2 ноября, министр труда, социального обеспечения и миграции Гулнара Баатырова обсудила с девятиклассниками важность профессиональной ориентации и осознанного выбора профессии.

Встреча прошла в Бишкекском центре профессиональной ориентации. По словам министра, она с детства мечтала стать врачом и упорно шла к поставленной цели.

«В детстве даже надевала белый халат и смотрела на себя в зеркало. Мысли становятся материальными, если осознанно, целенаправленно идти к своей цели. Я выросла, выучилась, стала медиком.

Сегодня школьникам помогают выбрать профессию Центры профориентации, которые были открыты министерством труда при поддержке проекта "Содействия занятости и профессиональному обучению" Германского общества по международному сотрудничеству

в гг.Бишкек, Каракол, Нарын, Талас, Джалал-Абад, Узген, Ош, Баткен, а также в Сокулукском районе Чуйской области. В этих центрах специалисты помогают принимать правильные решения при выборе профессии», - сказала Гунара Баатырова.

Министр подчеркнула, что сегодняшней встречей хочет подчеркнуть значимость профессиональной ориентации.

Школьники смогли задать вопросы про востребованные профессии и финансовую грамотность.

Интересовало подростков и то, какие книги читает Гулнара Баатырова, смотрит ли социальные сети.

«Цените своих учителей, их труд, они помогают вам сегодня заложить первые кирпичи вашей будущей жизни», - подчеркнула она, пожелав всем ребятам найти в будущем профессию и работу по душе.


Вернуться к новостям