Министр Баатырова Гулнара Маришовна 9-классынын окуучулары менен жолугушту.

просмотров 18

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын Кесиптик багыт берүү борборунда КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Баатырова Гулнара Маришовна №68 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучулары менен жолугушту.

Баатырова Гулнара Маришовна Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ошондой эле окуучуларга дайыма уюштурулуп келген, өз кесибинде жогорку ийгиликтерге жетишкен белгилүү инсандар менен мотивациялык жолугушууга спикер катары Эмгек министри Баатырова Гулнара Маришовна болуп, өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча жана кесипти туура тандоого балдарга кеп кеңештерин берди.

Жолугушуунун аягында, министр Баатырова Гулнара Маришовна окуучуларга талыкпай билим алууга, ата-энени урматтоого жана өз сүйүктүү кесибин тандоого чакырып, суроо берген окуучуларга белектерди тапшырды.


Вернуться к новостям