Бишкек шаарынын кесипке багыт берүү борбору
29 Сентябрь 2023 просмотров 122
Бүгүн, 27-сентябрда, Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын Кесиптик багыт берүү борборуна КРдын отоларингологтор коомунун мүчөсү, 35 жылдык стажы бар жогорку категориядагы дарыгер Жетимишева Чолпон Сазановна конокко келди. Ал медициналык династиянын өкүлү, бирок апасынан айырмаланып, башка адистикти тандап алган. Дарыгер кесиби эң асыл, адамгерчиликтүү жана керектүү кесиптердин бири. Кесип тандоонун башталышында турган жаштарга дарыгерлик кесипти ал болбосо, ким айтат?!
Аны менен жолугушууга №1 жана №68 мектептердин 9-классынын окуучулары чакырылган. Чолпон Сазановна окуучуларга дарыгерлик кесип, бейтаптар жана алардын жакындары менен мамиле түзүү көйгөйлөрү жөнүндө айтып жана тажрыйбасы менен бөлүштү, өзүнүн бай медициналык тажрыйбасынан кызыктуу учурларды эске салды. Ошону менен бирге, ал мектеп окуучуларын кесипти туура тандоого түрткү берди.
Чолпон Сазановна дарыгер болуу оңой эмес экенин баса белгиледи: бул жумуш элге болгон сүйүүнү, туруктуулукту, берилгендикти жана билимди толуктоо үчүн тынымсыз окууну талап кыларын белгилеп кетти. Мындан тышкары, баарлашуу учурунда өспүрүмдөр саламаттык сактоо тармагы жогорку квалификациялуу адистерге муктаж экенин түшүнүп, заманбап эмгек рыногунун керектөөлөрү жөнүндө түшүнүгү пайда болду.
Маектин аягында балдар конокко өзүнө кызыктырган көптөгөн суроолорду беришти. Бул мазмундуу жана пайдалуу жолугушуудан бардыгы ыраазы болушту.
**********************
Сегодня, 27 сентября, в гостях Центра профориентации Бишкекского городского управления по содействию занятости была Жетимишева Чолпон Сазановна, врач высшей категории с 35-летним стажем работы, член Общества отоларингологов Кыргызстана. Она является представителем врачебной династии, но в отличие от своей матери выбрала другую специализацию. Профессия врача — одна из самых благородных, гуманных и необходимых. Кому, как не ей, рассказать о профессии врача для молодежи, стоящей перед выбором профессии в самом начале трудового пути?!
На встречу с Ч. Жетимишевой были приглашены учащиеся 9-х классов школ №1 и №68. Чолпон Сазановна рассказала учащимся о профессии врача, проблемах взаимодействия с больными и их родственниками, поделилась своим опытом, вспомнила интересные случаи из богатой врачебной практики. Тем самым она мотивировала школьников на правильный выбор профессии.
Чолпон Сазановна подчеркнула, что быть врачом непросто: эта работа требует любви к людям, упорства, самоотверженности и постоянной учебы для пополнения своих знаний. В ходе беседы у подростков стало складываться представление о потребностях современного рынка труда, понимание, что в отрасли здравоохранения нужны высококвалифицированные специалисты.
В конце беседы ребята задавали гостю множество интересующих их вопросов. Все остались довольны от этой познавательной и полезной встречи.
Вернуться к новостям