Кесиптик тестирлөөнүн жыйынтыгы балдарда болгон көндүмдөрдү аныктады

просмотров 495

Жазуучу болууну кыялданган Жасмин тестти өткөндөрдүн бири болду. Азыркы учурда ал 5 кыска адабий жазуусу жана 3 ыр саптары менен мактана алат. “Тесттин жыйынтыгы күткөндөй эле болду жана көздөгөн кесибимди өркүндөткөнгө чечкиндүү кадам жасаганга түрткү берди” – дейт Жасмин.

Кесипке багыт берүү борборунда 12-апрелде №69 мектеп – гимназиясынын 9 – класстын окуучуларынан 21 бала кесиптик тестирлөөдөн өттү. Кесиптик тестирлөөнү өткөндөн кийин окуучуларга эмгек рыногунда учурда талапка ээ болгон кесиптер боюнча түшүнүк берилди.


Вернуться к новостям