«Ийгиликтүү ишке орношуу» рубрикасы – Максат Суюнбаева
22 April 2021 просмотров 655
Максат кесиптик окуудан “Ашпозчу кондитер” курсун аяктап минималдуу инвестиция менен өзүнүн ишин ачты.
“Мен кесибим боюнча экономистмин, КУУтин бүткөм. Бирок кесибим боюнча иштей алган жокмун, 4 баламды карап үйдө отуруп калдым.
Бала чагыман эле эки нерсени жакшы көрчүмүн – сүрөт тартуу жана тамак жасоо. Жакшы көргөн нерсем менен киреше табууну айкалыштыруу максатында Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башармалыгына кайрылдым. Ал жердеги адистер №91 кесиптик лицейине бекер окууга жолдомо беришти, ошону менен кондитердик жолум башталды. Азыркы учурда үйдөн имбир пряниктерин жасайм. Буйрутмалар келип турат. Ошону менен биргеликте инстаграммдан “Сладкая мечта” блогумду жүргүзөм”.
Вернуться к новостям