Бишкек техникалык колледжинде бош жумуш орундар жарманкеси

просмотров 723

6-апрелде Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы Бишкек техникалык колледжи менен биргеликте 3 – курсунун бүтүрүүчүлөрүнө бош жумуш орундары жарманкесин өткөрдү.

Өткөрүлгөн иш чарада Бишкек шаардык колледжинин 175 бүтүрүүчүлөрү катыша алды жана Бишкек шаары боюнча 2000ден ашуун бош жумуш орундар коюлду . Катышуучуларга иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын кызматтары боюнча презентация көрсөтүлүп , ошону менен биргеликте натыйжалуу иш менен камсыз кылууга негизделген тренинг болуп өттү.

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын жалпы жамааты Бишкек техникалык колледжинин ректору Келебаев Касымбек Кенешовичке жана Бишкек техникалык колледжинин жамаатына иш-чараны өткөрүүгө аянтча бөлүп жана уюштуруу иштерине көмөктөшкөндүгү үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!


Вернуться к новостям