Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгында мектеп окуучулары үчүн кесиптик багыт берүү иштери өттү

просмотров 582

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын Кесиптик багыт берүү борбору

1-апрелде №68 пилоттук мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучулары тестирлөөдөн өтүштү.

Ар кандай иш-аракеттер чөйрөсүндө кызыкчылыктарды жана ыктоолорду аныктоо үчүн "Кызыкчылыктар навигатору" тестин 28 окуучу тапшырды. Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын адистери мектеп окуучуларына келечектеги кесипти тандоонун маанилүүлүгүн жана заманбап эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон кесиптер жөнүндө айтып беришти. Иш-чаранын жүрүшүндө санитардык нормалар сакталды, б.а. бардык катышуучулар беткап кийип, кире бериште дене табы өлчөнүп, колдору дезинфекциялоочу каражат менен тазаланып, социалдык аралык сакталды.


Вернуться к новостям