Бишкек шаарынын тургундарына маалымат берүү жана финансылык сабаттуулукка окутуу жүргүзүлүүдө

просмотров 235

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 15-июль 2022-жылдагы "Социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө" Токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги “Социалдык келишимдин негизинде социалдык жардамга квотаны бекитүү жөнүндө” №70 буйругун ишке ашыруунун негизинде, Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы, Бишкек шаарынын мэриясынын райондук муниципалдык администрациялары жана Бишкек шаарынын мэриясынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам көрсөтүүнүн жана финансылык сабаттуулукка окутуунун шарттары жөнүндө маалыматтык кампания өткөрүүдө.

Жолугушууга, Ленин районунан 52, Октябрь районунда 47, Биринчи Май районунан 49, Свердлов районунан 49 адам катышты.

Белгилей кетсек, 2022-2023-жылдарындагы социалдык келишим долбооруна катышып, ийгиликтүү ишин жүргүзүп кеткен жарандар чакырылып, өздөрүнүн ийгиликтери менен бөлүшүп кетишти.


Вернуться к новостям