Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери Каныбек Осмоналиев жаштарга мастер-класс өттү

просмотров 85

Бош орундар жана кесиптер жарманкесинде кыргыз жана советтик оор атлетчи, Европанын эки жолку жана дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, Олимпиада чемпиону, спорттун эмгек сиңирген чебери жана учурда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин курама командасынын машыктыруучусу Каныбек Осмоналиев жаштарга кесипке багыт берүүнүн алкагында мастер-класс өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Олимпиада чемпиону өзүнүн бала чагы, кесиптик жолу, спорттук бийиктиктерге жеткени тууралуу айтып берди. Ошондой эле Каныбек Осмоналиев жаштарды патриоттуулукка, эмгекке, адеп-ахлакка үгүттөп, дене тарбия жана спорт менен машыгууга, сергек жашоого чакырды.

Мындан тышкары, ал жаш муун - биздин азыркы жана өлкөбүздүн эртеңки келечеги экенин ошондой эле спорт менен машыгуу адамдын ден соолугун чыңдоого алып келээрин белгиледи. Ал эми "дени сак адам – дени сак улут", - деп кошумчалады Каныбек Осмоналиев.

Жолугушуунун соңунда Каныбек Осмоналиевдин окуучулары жаштарга оор атлетика боюнча мастер-класс өткөрүп, негизги көнүгүүлөрдү көрсөтүштү.


Вернуться к новостям