Бишкекте 16-майда "Бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси" өттү

просмотров 107

2024-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети менен биргеликте Бош жумуш орундар жана кесиптер жараманкесин өткөрдү.

Жармаңкеге Бишкек шаарынын 50 ири ишканалары жана уюмдары катышты, алар: ЖАК "MegaCom", "Кока-Кола Бишкек Ботлерс", АКБ "Толубай Банк", "Шоро", Бакай Банк, "Азия ритейл", "Неман-Фарм", ЖЧК "Нуртелеком", "Бишкек сүт" жана башка көптөгөн ишканалар жана уюмдар катышты. Иш-чарада иш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен ыкчам маек өткөрүп, иш издөөчүлөр бош жумуш орундары жана дагы алардын эмгек шарттары, эмгек акысы менен таанышып жеринен биле алышты.

Мындан тышкары, Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы Бишкек шаары боюнча ар кандай тармактагы ишканалардан 4500дөн ашык бош жумуш орундарын сунуштады. Ошондой эле иш менен камсыз кылуу кызматынын адистери акысыз курстар жана дагы көрсөтүлгөн бардык кызматтар боюнча жарандарга консультация беришти.

Борбор калаадагы мектеп бүтүрүүчүлөр үчүн, келечектеги кесибин туура тандоого багытталган кесипке багыт берүү иш-чарасы өткөрүлдү. Окуучулар кесипке багыт берүүчү тесттерден өтүшүп, өздөрүнүн кызыкчылыктарын аныктай алышты. Ошондой эле көндүмдөрдү жана күчтүү жактарын билүүгө багытталган кесипке багыт берүүчү оюндарга катышышты. Мындан сырткары, 1980-жылы Москва шаарында өткөн олимпиада оюндарынын алтын медалынын ээси, оор атлетика боюнча Дүйнөнүн 4, Европанын 2 жолку чемпиону, Эмгек сиңирген спорт чебери Каныбек Османалиев жаштарга мастер-класс өттү.

Иш-чарада, ошондой эле Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата мектеп окуучулары үчүн презентация уюштурулуп, викторина өткөрүлдү. Викторинанын жеңүүлөрүнө чакан белектер тапшырылды.

Мындан тышкары, кесиптик багыт берүүнүн алкагында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн Ачык эшик күнүн өткөрдү. Көргөзмөдө, бардык каалоочулар университетте окуткан адистиктер менен таанышып, 150дөн ашык билим берүү программаларынын жана илимдин тармактарынын ичинен өз багытын тандай алышты.


Вернуться к новостям