Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы 16-майда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде “Бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкесин” өткөрөт

просмотров 117

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы 2024-жылдын 16-майында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде “Бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкесин” өткөрөт.

Уюштуруучулар: Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети.

Иш-чаранын максаты: Жумушсуз жарандарды ишке орноштурууга көмөктөшүү, жумушсуз жарандардын жана жаштардын окутуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, эмгек рыногунда алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана жарандарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү жаатындагы кызматтар тууралуу маалымат берүү.

Жарманкеде 40тан ашуун жумуш берүүчү ири компаниялар катышып, жарандарга иш берүүчү менен түз маектешүү аркылуу жумуш табуу мүмкүнчүлүгүн түзөт, ошондой эле Бишкек шаары боюнча 4000ден ашуун бош жумуш орундары сунушталат.

Мындан тышкары, жаштарга жана мектептин бүтүрүүчүлөрүнө келечектеги кесибин жана жөндөмдүүлүгүн аныктоого жардам берүү максатында  кесипке багыт берүү боюнча тестирлөө өткөрүлөт.

Өткөрүү убактысы: 16.05.2024ж., саат 10:00-13:00

(ЖМК өкүлдөрү саат 11:00гө иш-чаранын расмий ачылышына чакырылат).

   

Байланыш телефондор: (0312) 64-16-87; 0502 222 982

Электрондук дарек: chelobaevag@mail.ru


Вернуться к новостям