📌Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы кесипке багыт берүүнүн алкагында №68 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучулары үчүн Мегаком компаниясынын башкы кеңсесине экскурсия уюштурду

просмотров 122

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы кесипке багыт берүүнүн алкагында №68 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучулары үчүн Мегаком компаниясынын башкы кеңсесине экскурсия уюштурду.

Компаниянын адистери окуучуларды жылуу тосуп алып, компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтарды беришти.

Адистер окуучуларга байланыш борборунун иштөөсүн, техникалык колдоо бөлүмүн жана интернет менен чалуулар кандай тутумда иштээрин кенен тааныштырып, окуучулардын кызыккан суроолоруна жооп беришти.


Вернуться к новостям