Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын кадрдык резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт

просмотров 108

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын кадрдык резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурстук тандоону өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 ПЖ “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын кадрдык резервине кабыл алуу үчүн улук жана кенже топтогу кызмат орундарын ээлөөгө ачык сынак жарыялайт.

Сынак төмөнкү этаптарды камтыйт:

- сынактын катышуучуларынын документтеринин мамлекеттик кызматчыларга коюлган талаптарга ылайык келүүсүн кароо;

- мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү;

- аңгемелешүү.

Толук маалымат шилтеме боюнча: https://clck.ru/39fW9r


Вернуться к новостям