Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунун кварталдык башчылары жана жашоочулары менен жолугушуу максатында №4 муниципалдык аймактык башкармалыгында (МАБ) болушту.

просмотров 146

Жолугушуунун жүрүшүндө башкармалыктын кызматкерлери иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы кызмат көрсөтүүлөр: ишке орношууга көмөктөшүү, кесиптик окутуу, акы төлөнүүчү коомдук жумуштар, кесип туура тандоо үчүн кесиптик багыт берүү, бош иш орундар жарманкелери ж. б. тууралуу кеңири маалымат беришти.

Маектешүү учурунда тургундар кызыктырган суроолоруна жоопторду, ошондой эле иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү максатында кайрыла турган бардык координаттарды жана байланыш маалыматтарын алышты.

Вернуться к новостям