Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы Этникалык кыргыздарга кайрылман күбөлүктөрү тапшырылды

просмотров 161

“Кыргыз Республикасына Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 2024-жылынынын башталышында биринчи алуучулардан болуп Китай Эл Республикасынан, Өзбекистан, Авганистан, Россия Федерациясынан келген 9 этникалык кыргыздарга Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы кайрылман макамын тапшырды. Ошондой эле, 2023-жылы Этникалык кыргыздардын ичинен Бишкек шаары боюнча кайрылман күбөлүгүн алгандар 35 адамды түздү.

Белгилей кетсек, кайрылмандар - чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адам болуп саналган, Кыргыз Республикасына ыктыярдуу түрдө көчүп келүүчү жана кайрылман статусун алган этникалык кыргыздар.


Вернуться к новостям