Майыптыгы бар адамдарды иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүүнүн жаңы активдүү чаралары улантылууда

просмотров 114

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгында «Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга көмөктөшүү" кыргыз-герман долбоорунун колдоосу менен майыптыгы бар адамдарды иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүүнүн жаңы активдүү чарасы улантылууда.

Долбоор боюнча 2022-жылы Октябрь райондук иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнө акы төлөнүүчү коомдук жумуштар боюнча убактылуу кызматкер катары Тюстюкбаева Махабат (II-топтогу майыптыгы бар) кабыл алынган.

Тюстюкбаева Махаббат жумуш издеп жүргөн жарандарга, анын ичинде майыптыгы бар адамдарга иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча кеңеш берип, ылайыктуу жумуш табууга жардам берет. Ошондой эле М.Тюстюкбаева майыптыгы бар адамдар үчүн ишенимди жана эмгекке умтулууну жогорулатуу боюнча тренингдерди өткөрөт. Тренингте окутуу жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле кесиптик ийгиликтерге жетишкен майыптыгы бар жарандардын ийгилик сырлары менен бөлүшөт.


Вернуться к новостям