“Биз биргебиз!” айлыгынын алкагында кесипке багыт берүү иш-чарасы өттү

просмотров 68

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы “Биз биргебиз!” аттуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кайрымдуулук жана колдоо көрсөтүү айлыгынын алкагында Бишкек шаарындагы угуусу начар жана кечирээк укпай калган балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектебинин бүтүрүүчүлөрү үчүн кесипке багыт берүү иш-чарасын өткөрүштү.
 Иш - чаранын максаты - балдарды кесиптер дүйнөсү менен тааныштыруу, келечектеги кесипти туура тандоого түрткү берүү болду. 
Иш-чаранын жүрүшүндө балдар үчүн ар кандай чөйрөлөрүндөгү кызыкчылыктарды аныктоо максатында кесипке багыт берүүчү тестирлөө, ошондой эле күчтүү жактарын аныктоо үчүн кесипке багыт берүүчү оюндар өткөрүлдү. Мектеп-интернаттын окуучулары үчүн бул иш-чара абдан кызыктуу жана пайдалуу болду. Иш-чаранын соңунда балдарга чакан белектер тапшырылды.

 

 


Вернуться к новостям