Бишкек шаары боюнча “Социалдык контракт” долбоорунун жүрүшү

просмотров 99

“Социалдык контракт” долбоорунун негизинде Бишкек шаарынын тургуну, беш баланын апасы Сарпашова Гульзар Апазбековна 100 миң сом социалдык жардам алып, 2022-жылдын декабрь айында өз ишин баштаган. Азыркы учурда Таш-Рабат соода борборунда кулак көзөө боюнча кызмат көрсөтүп, мындан сырткары ишин кеңейтүү максатында балдар оюнчуктарын сатуу аралчасын ачып иштетүүдө. Ошол эле учурда, сапаттуу сөйкөлөргө буйрутма алып, элет жергесине алып-сатуу менен кирешесин жогорулатууда.


Вернуться к новостям