Бишкек шаарында "Чексиз" улуттук биринчилиги болуп өттү!

просмотров 45

7-декабрда Бишкек шаарында "Чексиз" улуттук биринчилиги болуп өттү. Бул иш-чара майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштуруп, аларга татыктуу эмгек шарттарын камсыз кылган жумуш берүүчүлөрдүн биринчилиги. Өлкөдө майыптыгы бар 200 миңден ашуун адам катталган. Алардын ичинен 175 миңге жакыны чоңдор жана 29 миңи эмгекке жарамдуу жарандар. Ошондуктан "Чексиз" улуттук биринчилиги жыл сайын коомдо майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштуруу маселелерин актуалдаштыруу, жумуш берүүчүлөр жумушка алууга шыктандыруу максатында, ошондой эле жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүнө жана кесиптик көндүмдөргө ээ болууга өбөлгө түзүүчү инструменттерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында өткөрүлүп келет.

Кабыл алынган критерийлерге ылайык тандалып алынган иш берүүчүлөр Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигининен сыйланышты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Дастан Бекешов, Улугбек Ормонов, Венера Раимбачаева, КР министрлер кабинетине караштуу майыптар иштери боюнча кеңештин төрагасынын орун басары Толкунбек Исаков, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова, Германия Федеративдүү Республикасынын элчиси доктор Габриэлла Геллил, КРдагы GIZ өкүлчүлүгүнүн башчысы Виктор Вицель катышты. Өлкөнүн жети районунан жыйырма беш иш берүүчү биринчиликке талапкер болушту. Ошондой эле эл аралык уюмдардын, КЭУлардын, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер катышты.

Бишкек шаары боюнча 13 иш берүүчү сыйланды: И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университети, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, ЖЧК "Текстиль транс", М. Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борбору, KIA MOTORS, ЖЧК "АЗО Элита" ж. б. уюмдар сыйланды


Вернуться к новостям