Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын кадрдык резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурстук тандоону өткөрүү жөнүндө Жарыя

просмотров 419

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 ПЖ “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын кадрдык резервине кабыл алуу үчүн кенже топтогу кызмат орундарын ээлөөгө ачык сынак жарыялайт.

Конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:

- сынактын катышуучуларынын документтеринин мамлекеттик кызматчыларга коюлган талаптарга ылайык келүүсүн кароо;

- мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү;

- аңгемелешүү.

Кызматтардын кенже тобун ээлөөгө кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- Жогорку билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- Иш стажы талап кылынбайт.

3. Кесиптик компетенциялар:

- жалпы мыйзамдарды билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

- билгичтиги:

  • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
  • кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
  • жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
  • мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • командада иштөө;

- көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Иш менен камсыз кылуу бөлүмү (Ленин, Октябрь, Биринчи май, Свердлов райондору боюнча), маалыматтык технологиялар жана ЭРМС Call-борбору, кесиптик окутуу, кесиптик багыт берүү, топтоо-аналитикалык бөлүмдөрүнүн кенже топтогу кызмат орундары

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер.

- предметтик мыйзамдарды билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;
  2. Кыргыз Республикасынын "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
  4.  Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы.

Адам ресурстарын башкаруу жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн кенже топтогу кызмат орундары

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер

- предметтик мыйзамдарды билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
  2. Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер берилет:

- жеке арыз;

- резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

- нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;

- нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

- илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

- паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлүшү керек).

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2023-жылдын 13-мартынан 25-мартына чейин.

Көрсөтүлгөн документтер көктөмөгө көктөлүп Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгында Бишкек ш. Токтогул, 237, саат 9:00дөн 18:00гө чейин.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылыңыз:

(0312)64-16-85,65-58-68.                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                       

                                                                              


Вернуться к новостям