Бишкек шаарында бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси болуп өттү

просмотров 268

Бүгүн, 18-октябрда Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы JIA Бизнес Ассоциациясы менен биргеликте Германия Эл аралык кызматташтык коомунун “Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга көмөктөшүү » долбоорунун колдоосу менен жалпы шаардык бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкесин өткөрдү.

Жарманкеге Бишкектин 90го жакын мекеме-ишканалары жана уюмдары катышты. Ошондой эле иш-чарага Бишкек шаарынан 4300дөн ашык, Кыргыз Республикасынын аймактарында 1300 бош жумуш орундар сунушталды. 10 жогорку окуу жайлары жана 20 кесиптик лицей жана окуу борборлору ар кандай багыттар боюнча окутуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти. Ал эми кесиптик лицейлер өздөрүнүн жасаган буюмдарын сунуштап жана мода көргөзмөсүн өткөрүштү.

Иш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен экспресс интервьюларды өткөрүштү. Ал эми мектеп окуучулары кесипке багыт берүү тесттери аркылуу келечекте кесибин жана окуу багытын тандай алышты.

Бул иш-чарада, белгилүү жана ийгиликтүү ишкерлер, компаниянын негиздөөчүлөрү, тажрыйбалуу HR адистери өздөрүнүн мотивациялуу ийгилик сырлары менен бөлүштү.

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын адистери жарандарга кызматтары боюнча кенен маалымат беришти.

Жарманкеге 3000ден ашык адам катышты.


Вернуться к новостям