Эмгек миграциясынан келдиңизби? Кайтып келген мигранттарга пайдалуу маалымат

просмотров 267

Сиз эмгек миграциясынан кайтып келдиңизби?

Жумуш издеп жатасызбы же өз бизнесиңизди ачкыңыз келеби?

Жеке бизнесиңизди баштоо үчүн тажрыйбаңыз жетишпей жатабы?

Анда Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгына кайрылыңыздар!

 

📌 Акысыз консультация берилет:

- жумушсуз жарандарга, анын ичинде ишкердик менен алектенүүнү каалаган жарандарга акысыз ишкерликке окутуу жана кайра окутуу курстарынан окууга мүмкүнчүлүк бар;

- иш берүүчүлөрдүн ар кандай иш чөйрөлөрүндөгү бош орундар;

- жеке бизнес ачуу же бизнесин өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредиттерди алуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүп берүү;

- донордук уюмдардын гранттык жана микрокредиттик программалары ж.б.

 

📌 Биздин консультацияларды алуу жана жеке бизнесиңизди баштоо боюнча кеңештерди алуу үчүн:

- 18 жаштан жогору болуу;

- чет өлкөдө иш тажрыйбасы бар;

- каттоого туруу үчүн катталган же жашаган жери боюнча райондук иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмдөрүнө кайрылуу;

 

- катталуу үчүн: паспорт, билимиңизди тастыктаган документ, эмгек китепчесиңиз (бар болсо) керек болот;

📌Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын райондук бөлүмдөрүнүн даректери жана байланыш номерлери:

📍 Ленин райондук иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмү

Бөкөнбаев көчөсү 99, тел.: 0(312) 303695, 303682

📍 Биринчи Май райондук иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмү

Бөкөнбаев көчөсү 99, тел.: 0(312) 303748, 303740

📍 Октябрь райондук иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмү

Токтогул көчөсү 43, тел.: 0(312) 434765, 434739

📍 Свердлов райондук иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмү

Токтогул көчөсү 43, тел.: 0(312) 434766, 434749

 


Вернуться к новостям