Кайтып келген мигранттарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү жаатындагы сунуштарды талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү

просмотров 214

Бүгүн, 22-июнда Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ) менен биргеликте уюштурулган, кайтып келген мигранттарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү жаатындагы сунуштарды талкуулаган тегерек столго катышты. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатында мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча презентация жасалды.

Тегерек столго ошондой эле КР Экономика жана коммерция министрлигинин, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү катышты.


Вернуться к новостям