Спикер Александр Воробьев менен жолугушуу

просмотров 246

3D басып чыгаруу дүйнөсүндө ар бир адам өз алдынча каалаган нерсесин басып чыгара алат.

3D басып чыгаруунун потенциалын кеңири колдонуу каражат жана убакытты үнөмдөйт, ошондой эле өндүрүмдүүлүктү жогорулатат. 3D басып чыгаруу – бул мүмкүнчүлүктөрдү кеңейткен инструмент

Бүгүн ушул актуалдуу теманы кеңири түшүндүрүү үчүн №95 мектебинин 9-классынын окуучулары үчүн кесипке багыт берүү борборунда спикер Александр Воробьев менен жолугушуу уюштурулду.

Александр Воробьев - өндүрүштүк окуунун мастери, №93 кесиптик лицейдин компьютерлерин оңдоо боюнча адис, 3D-модели боюнча адис, RepRap тармагындагы мейкер (DIY 3D принтерлерин иштеп чыгуу инноватору), “Alisa 3D” компаниясынын негиздөөчүсү.

Жолугушуу достук маанайда өттү. Александр окуучуларга 3D принтер, 3D моделдөө тууралуу кеңири айтып берди, тажрыйбасы менен бөлүштү, балдардын бардык суроолоруна жооп берди.

Жолугушуунун соңунда окуучулар кесиптик тестирлөөдөн өтүп, кесиптик кеңештер берилди.


Вернуться к новостям