Бишкек шаарынын №69 мектеп-гимназиясынын окуучулары үчүн экскурсия

просмотров 244

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы кесипке багыт берүүнүн алкагында №69 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучулары үчүн И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтуна экскурсия уюштурулду.

Экскурсиянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын авиациясынын тарыхы жана институттун ишмердүүлүгү, кесиптери менен таанышып, авиация тармагындагы белгилүү инсандардын эстеликтерин көрүштү.

Ошондой эле учактардын кыймылдаткычтары жайгашкан полигондо болушту. Андан кийин окуу кабинеттерине жана лабораторияларына экскурсия уюштурулду. Окуучулар үчүн экскурсия абдан кызыктуу болду, балдардын арасынан тапшырууну көздөгөндөр дагы чыкты

 


Вернуться к новостям