Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) делегациясы менен жолугушуу болуп өттү

просмотров 245

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгында Германия эл аралык кызматташтык коому (GIZ) Европа, Жер Ортолук деңиз жана Борбордук Азия боюнча GIZ департаментинин башкы директору доктор Микаэла Баур жетектеген делегациясы менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда Борбордук Азия боюнча GIZ департаментинин директору, Зен мырза, Кыргызстандагы GIZ офисинин директору Фриц мырза катышты. Жолугушууга №68 жана 69-гимназия мектептеринин 9-классынын окуучулары да чакырылды

Жолугушуунун жүрүшүндө делегация, кесипке багыт берүүдө колдонулган ыкмалары жана инструменттери (кесипке багыт берүү тестти, оюндар) жана маалыматтык киосктун жана 3D принтердин иштеши менен таанышты.

Мындан тышкары, доктор Микаэла Баур спикер катары балдарга, кесибин тандоо жана алдыга койгон максаттарына жетүү тууралуу айтып берди. Окуучулар Баур айымга өздөрүнүн суроолорун бере алышты анын ичинде немис тилинде дагы суроолор берилди.

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы Дина Анарбаева иш менен камсыз кылуу кызматы боюнча презентация жасады.


Вернуться к новостям