Кесиптик багыт берүү борборунда Бишкек шаарынын вице-мэри Мозгачева В.А. менен жолугушуу өттү.

просмотров 265

Бүгүн Кесипке багыт берүү борборуна Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева балдар менен болгон жолугушууга спикер катарында чакырылды.

Вице-мэр менен болгон жолугушууга №4 жана 89-мектептердин 9-классынын окуучулары катышты.

Виктория Мозгачева окуучуларга өз кесибин тандоо тууралуу айтып берип, тажрыйбасы менен бөлүштү, мектеп окуучуларын туура кесипти тандоого, китеп окууга жана тынымсыз өз алдынча билим алууга түрткү берди. Мектеп окуучулары кызыккан суроолорун беришип, спикер мектептеги сүйүктүү сабактары, китептери, башкы каарманы, ишинин кыйынчылыктары менен бөлүштү.

Жолугушуу жакшы маанайда өттү, окуучулар кесиптик тестирлөөдөн өтүп, кеңештерди алышты.


Вернуться к новостям