2022-жылы өтө турган Эл жана турак жай фондун каттоого Бишкектин жумушсуз жарандары катышат

просмотров 266

Бүгүн, 3-мартта Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын жана КРнын Бишкек шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгынын жетекчилери акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу боюнча келишимге кол коюшту.

Бул келишимге ылайык, 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин өтө турган калкты каттоого Бишкек шаарынын жумушсуз жарандары тартылат.

Калкты каттоого катышкан жумушсуз жарандарга акы төлөнүүчү коомдук жумуштар аркылуу Республикалык бюджеттин эсебинен жана Бишкек шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгынан кошумча эмгек акы төлөнөт.


Вернуться к новостям