Жаштар үчүн стажировка – иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү жаңы активдүү чара

просмотров 273

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы Эл аралык кызматташуу боюнча Германия коому (GIZ) «Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик билим берүүгө көмөктөшүү программасы» менен биргеликте ишке ашырып жаткан “Жаштар үчүн стажировка – иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү жаңы активдүү чара” пилоттук долбоорун баштайт.

Жаңы чара жаштардын иш менен камсыз болуу абалын жакшыртууга багытталган жана жумушсуз катары каттоодо турган ЖОЖнын бүтүрүүчүлөрүнө арналган. Практика акы төлөнүүчү коомдук жумуштар, мамлекеттик бюджеттин эсебинен акы төлөө аркылуу өтөт.

Бүгүн, 2-мартта аталган долбоордун алкагында тегерек стол уюштурулуп, ага КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин жана  (GIZ) программасынын өкүлдөрү, Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын кызматкерлери жана Бишкек шаарынын 12ден ашык ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын иш берүүчүлөрү катыштып бул долбоорго катышууга каалоолорун билдиришти.


Вернуться к новостям