9-класстын окуучуларына кесиптик багыт берүү

просмотров 363

Айрым мектептер офлайн-окутууга өткөндүгүнө байланыштуу, Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын Кесипке багыт берүү борбору 9-класстын окуучуларын график боюнча кабыл алууну кайрадан баштады.

Бүгүн, 8-февраль күнү Кесипке багыт берүү борборуна №32 мектептин 9-классынын окуучулары келишти.

Окуучулар кесиптик тестирлөөдөн өткөнүнө кубанычта болуп жана тесттин жыйынтыгын алышты. Алар Борбордун кызматкерлерине өздөрүнүн жыйынтыктары боюнча көптөгөн суроолорду берип, кесипкөй кеңештерди алышты.

Ошондой эле “Ханой мунарасы”, “Тез салуу” оюндарын ойношуп, мотивация берүүчү китептер менен таанышышты.


Вернуться к новостям