Бишкек шаарынын №48 мектебинин окуучулары кесиптик тестирлөөдөн өтүштү

просмотров 292

Ушул жылдын башынан баштап, азыркы учурга чейин биздин Кесиптик тестирлөө борборуна 20 нын тегерегиндеги мектептерден 1500 дөй окуучулары келип, кесиптик тестирлөөдөн өтүштү.

Бүгүн, өздөрүнүн кесиптик кызыкчылыктарын билүүгө №42 мектептин 9 «А» классынын окуучулары келишти. Алар Борбордун кызматкерлерине өздөрүнүн жыйынтыктары боюнча көптөгөн суроолорду берип, кесипкөй кеңештерди ала алышты.

Ошондой эле, окуучуларга «Кесиптер дүйнөсү» жана келечектеги кесипти тандоонун маанилүүлүгү тууралуу лекция окулду.


Вернуться к новостям