"Биз биргебиз!" айлыгына арналган иш-чара

просмотров 331

Бишкек шаардык калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы тарабынан 9-декабрда Бишкек шаарындагы №21 Республикалык адистештирилген мектеп-интернатында угуусу начар жана кеч дүлөй болгон балдар үчүн “Биз биргебиз!” аталышындагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо жана кайрымдуулук айлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 “Кыргыз Республикасында Балдарды, карыларды жана майыптарды коргоонун эл аралык күндөрүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө” токтомуна ылайык кесипке багыт берүү иш-чарасы өткөрүлдү.

№21 мектеп-интернатынын бүтүрүүчү класстарынын окуучулары үчүн кесипке багыт берүү иш-чаралары өткөрүлүп. Иш-чарада “Кызыкчылыктардын навигатору” кесиптик тандоодого жардам берүүчү тестирлөө өткөрүлүп, мындан сырткары кесиптик багыт берүүчү оюндар болуп өттү. Иш-чаранын соңунда катышуучуларга баалуу белектер берилди

 


Вернуться к новостям