"Хаятт Ридженси Бишкек" мейманканасына болгон экскурсия

просмотров 266

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын кесиптик багыт берүү ишинин алкагында 24-ноябрь күнү «Hyatt Regency Bishkek» мейманканасында №68 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучулары үчүн экскурсия болуп өттү.

Экскурсиянын жүрүшүндө окуучулар мейманкананын инфраструктурасы, меймандостук индустриясынын тарыхы жөнүндө, мейманкананын тазалоо бөлүмүнөн баштап, ар кандай мейманкана кызматтарынын кызматкерлеринин ишинин өзгөчөлүктөрү, кир жуучу, химиялык тазалоо, ашкана, фитнес-зал, конференц-зал, ресторан жана конокторду каттоо жер  менен аяктады.

Hyatt Regency Bishkek мейманканасында ар кандай кесиптеги 150дөн ашуун адам иштейт. Мейманкананын кызматкери Элнура кызматкерлердин жеке ийгиликтери жана кесиптик өсүүсү тууралуу айтып берди. Мектеп окуучулары ошондой эле Hyatt чакан мейманканасы бар биринчи уюштуруучунун аты экенин билишти. Hyatt мейманканалар тармагы дүйнө жүзү боюнча 60 жылдан бери иштейт.


Вернуться к новостям