Нур-Султан шаарына болгон иш сапар

просмотров 344

22-ноябрдан 25-ноябрга чейин Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин, аймактык бөлүмдөрүнүн жана Германия эл аралык кызматташтык коомунун кызматкерлери Казахстан Республиканын борбору Нур-Султан шаарында иш сапары менен болушат. Иш сапардын максаты – Казакстан Республикасынын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин иши менен таанышуу, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатында тажрыйба алмашуу жана эки тараптуу кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу.

Жолугушууда Казакстан Республикасынын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министринин орун басары Ержан Биржанов социалдык жана эмгек тармагындагы жетишкендиктери жана ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу айтып берди.


Вернуться к новостям