Бишкек шаарынын окуучуларынын экскурсиясы

просмотров 269

19-ноябрь күнү кесиптик багыт берүү ишинин алкагында №68 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучулары үчүн №10 кесиптик лицейине  экскурсия уюштурулду. Балдарды жалпы билим берүүчү предметтердин, атайын дисциплиналык класстарына, окуу семинарларына жана жатаканаларын көрсөтүштү.

№10 кесиптик лицейи коомдук тамактануу (ашпозчу, кондитер) жана тейлөө тармагына (чач тарач, визажист) кадрларды даярдоого адистешкен. Лицейде улуттук кийимдерди жана сувенирлерди жасоо боюнча да адистер даярдалат. Окуучуларга бул кесиптер боюнча айтып беришти жана иш жүзүндө көрсөтүштү. Лицейде Япониядан келген волонтер суши жана роллыны кантип жасоону көрсөтүп берди. Окуучулар даяр продукцияны көрүп эле тим болбостон, даамын татып көрүүгө да жетишти.

Жалпысынан экскурсия мазмундуу болуп, балдар бардык кызыккан суроолоруна жооп алышты.


Вернуться к новостям