"Ийгиликтүү ишке орношуу" рубрикасы - Стамкулов Эркинбек Узбекович

просмотров 308

"Ийгиликтүү ишке орношуу" рубрикабыздын кезектеги каарманы, учурда “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасында байланыш тармагындагы электр шаймандарын орнотуучу монтёр болуп эмгектенген Стамкулов Эркинбек Узбекович.

«Электр энергиясы азыркы коомдун дээрлик бардык тармактарында колдонулат-деп баштады сөзүн биздин каарманыбыз. Бир нече убакыт жумушу жок жүрүп калгандыктан Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгына кайрылдым. Бул кызматтагы адистер тез аралыкта, азыркы тапта иштеп жаткан ишимди сунуштап, ишке орношо алдым. Биз бул жумушта техникалык ой жүгүртүү, этияттык, тактык болушу керектигин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Бул бир караганда оңой көрүнгөнү менен татаалдыктары дагы бар. Бирок менин өзүмө жакын жумуш экенин түшүнгөндүктөн кызыгуу менен иштейм» – деп сөзүн аяктады Стамкулов Эркинбек


Вернуться к новостям