Кызыгууларын аныктоо үчүн кесиптик тестирлөө

просмотров 303

25-октябрдан 4-ноябрга чейин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын Кесиптик багыт берүү борборуна 515 окуучудан турган №№68, 56, 24, 49, 1 мектептеринин 9-классынын окуучулары келишти.

Мектеп окуучулары кызыгууларын аныктоо үчүн кесиптик тестирлөөдөн өтүүгө кубанычта болушту жана тесттин жыйынтыктары боюнча басылып чыгарылган баракчаларын алышты. Алар Борбордун адистерине өздөрүнүн жыйынтыктары боюнча көптөгөн суроолорду берип, кесипкөй кеңештерди алышты.

Ошондой эле, окуучуларга «Кесиптер дүйнөсү» жана келечектеги кесипти тандоонун мааниси тууралуу лекция окулду.


Вернуться к новостям