Бош орундар жана окутуу жарманкеси

просмотров 367

Бүгүн, 2021-жылдын 23-сентябрында,

"Бош орундар жана окутуу жарманкеси" болуп өттү.

Бул иш-чарага 30га жакын иш берүүчүлөр катышты. Алардын арасында “Бишкек троллейбус башкармалыгы”, “Акун” ЖАК, “Империя пиццы”, “Hyatt Regency Bishkek Hotel”, “Globus” гипермаркети, “Нуртелеком” ЖЧКсы жана башкалар бар.

Ошондой эле, №8 кесиптик лицей, Бишкектеги 4 пилоттук мектеп, жеке билим берүү борборлору жана өкмөттүк эмес уюмдар катышты.

Жарманкенин ачылышында Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Сазыкулов Максатбек Шекербекович жана КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Бектурганов Улук-Бек Бектурсунович катышуучулар алдында сөз сүйлөштү.

Жарманкеде иш берүүчүлөр 2000ге жакын бош орундарды сунушташты, ошондой эле потенциалдуу талапкерлер менен консультацияларды жана маектерди өткөрүштү.

Иш -чаранын жыйынтыгында жарманкеге 2000ге жакын адам жана 300 мектеп окуучулары катышып, алар кесиптик тестирлөөдөн жана кесипке багыт берүү оюндарынан өтүштү. Ошондой эле алар үчүн викториналар, сынактар уюштурулду, жыйынтыгы боюнча аларга сыйлыктар тапшырылды.

Ошентип, жарманке иш берүүчүлөр жана жумуш издөөчүлөр үчүн кезигүү аянтчасы болду


Вернуться к новостям